• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Улуттук банк коммерциялык банктарга насыялар боюнча төлөмдөрдүн мөөнөтүн 3 айга жылдырууну сунуштайт

Экономика 0

Бишкек, 19.03.20. /Кабар/. Кыргызстандын Улуттук банкы берилген насыялар боюнча төлөмдөрдүн мөөнөтүн коронавирустан улам аз дегенде 3 айга жылдырууну сунуштайт.

Улуттук банктан белгилешкендей, COVID 19 инфекциясынын жайылышына байланыштуу ага каршы күрөшүүдө дүйнө мамлекеттери тарабынан кабыл алынып жаткан чаралар экономиканын айрым тармактарындагы экономикалык активдүүлүккө да терс таасирин тийгизип жатат. Каралып жаткан бул көйгөй глобалдуу мүнөзгө ээ экендигин эске алып, мындай шарттарда айрым ишкер субъектилерине колдоо көрсөтүү, өлкөнүн банк жана финансы системаларында максималдуу туруктуулукту сактоо жагында тиешелүү чараларды көрүү зарыл.

Коронавирус инфекциясынын жайылышынан улам, анын экономикага, калкка, ишкер субъектилерине, анын ичинде банктарга жана банк эмес финансы-кредит уюмдарына тийгизиши мүмкүн болгон терс таасирлеринин кесепеттерин жеңилдетүү максатында кабыл алынып жаткан чаралардын алкагында, КР Улуттук банктын башкармалыгы 2020-жылдын 18-мартында "COVID 19 пандемиясына байланыштуу финансы-кредит уюмдарынын ишин убактылуу жөнгө салуу эрежелери жөнүндө" токтомун кабыл алган.

Аталган токтом менен Улуттук банк банктардын жана банк эмес финансы-кредит уюмдарынын ишине төмөнкүдөй убактылуу талаптарды коёт:

- кредиттик келишимдердин шарттарын кайра карап чыгууга байланыштуу комиссиялык жана башка төлөмдөрдү чегерүүгө жана алууга тыюу салынат;

- кредиттик келишимде каралган милдеттенмелерди аткарбагандыгы/талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн карыз алуучуларга карата айыптык төлөмдөр, анын ичинде кошумчаланган айыптык төлөм (айыптык төлөм/туум) салууга жана алууга тыюу салынат;

- берилген кредиттер боюнча төлөмдөрдү кеминде 3 (үч) ай мөөнөтүнө узартуу сунушталат;

- кредиттик келишимдердин шарттарын өзгөрткөн учурларда, анын ичинде реструктуризациялоодо, ишкердик ишине коронавирус инфекциясынын жайылып кетүүсүн алдын алуу иштерине байланыштуу киргизилген чектөөлөр таасирин тийгизген карыз алуучулардын кредиттерине мониторинг жүргүзүүдө кредиттерди классификациялоо категориясын начарлатпоого уруксат берилет.

Бул чаралар өлкөдөгү экономикалык жана социалдык кырдаалга жараша КР Улуттук банктын башкармалыгынын тиешелүү чечими кабыл алынганга чейин күчүндө болот.

Пикир

Оставить комментарий