• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Улуттук банк Кыргызстандагы доллар сатуудагы чектөөлөрдүн себебин түшүндүрдү

Экономика 0

Бишкек, 02.12.22. /Кабар/. Кыргызстандын Улуттук банкы доллар сатуудагы чектөөлөрдүн себебин түшүндүрдү.

Маалыматка ылайык, өлкөнүн экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу жана кризистин алгылыксыз натыйжаларын минималдаштыруу максатында Улуттук банк тарабынан коммерциялык банктардын, алмашуу бюролорунун жана микрофинансылык уюмдардын накталай АКШ долларын өлкөдөн сырткары чыгарып кетүүсүнө тыюу салууну кошо алганда, кризиске каршы бир катар чаралар көрүлгөн.

Накталай АКШ долларынын учурдагы тартыштыгына кошумча фактор болуп, аны өлкөгө алып келүүнүн логистикалык байланышынын бузулушу жана айрым адамдар тарабынан валюталардын курстук айырмадан пайда табуу максатында алып сатарлык операцияларды жүргүзүүлөрү саналат.

Бүгүнкү күндө айрым жергиликтүү коммерциялык банктар накталай АКШ долларынын зарыл көлөмү менен камсыз кылуу үчүн накталай чет өлкө валютасын алып келүү боюнча операцияларды жүргүзүп жатышат. Ошол эле учурда, накталай акчаны жеткирүү үчүн логистикалык байланыштын татаалдыгы алардын акыркы наркына таасир этет.

Коммерциялык банктар тарабынан берилген маалыматка ылайык, АКШ долларын накталай акчага айландыруу үчүн комиссиялык төлөм өлчөмү накталай акчага айландырылган чет өлкө валютасынын суммасынан 0,5 пайыздан 4 пайызга чейинкини түзгөн. Мында, банк мыйзамдарында коммерциялык банктар керектөөчүлөр үчүн маалыматтын ачык жарыяланышын жана жеткиликтүү болушун камсыз кылуу менен банктык кызмат көрсөтүүлөр үчүн комиссиялык сый акыларды жана тарифтерди өз алдынча белгилөө каралган.

Улуттук банктын талаптарына ылайык, чет өлкө валютасын маалымат тактасында көрсөтүлгөн тиешелүү курстан айырмаланган курс боюнча сатып алууга жана сатууга тыюу салынгандыгын белгилеп кетүү зарыл. Чет өлкө валютасы бар болсо валюта рыногунун катышуучулары чет өлкө валютасын чектөөсүз сатууга милдеттүү.

Улуттук банк коммерциялык банктардын жана алмашуу бюролорунун ишин туруктуу негизде көзөмөлдөп турат.

Пикир

Оставить комментарий