• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Улуттук банк лицензиясы жок акча алмаштырган 15 жаранга 1,5 млн. сомго айып салды

Экономика 0

Бишкек, 06.10.18. /Кабар/. Улуттук банк Ош жана Баткен облустарында лицензиясы жок акча алмаштырган 15 адамга айып салды. Алар тиешелүү документтери жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын ишке ашырышкан.

Улуттун банктан билдиришкендей, салынган айыптын суммасы 1,5 млн. сомду түзгөн.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда 2016-жылы лицензиясы же уруксат кагазы жок акча алмаштырууга айып жогорулаган. Мурда айыптын суммасы 500дөн 3000 сомго чейин гана болуп келген .

Пикир

Оставить комментарий