• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Улуттук банк өлкөдөгү банктарды ишин токтотуп, коопсуздук чараларын күчөтүүнү сунуштады

Коом 0

Бишкек, 06.10. 20. /Кабар/. Өлкөнүн финансы-банк секторунун коопсуздугун жана финансы-кредит уюмдарынын активдеринин сакталышын камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы коммерциялык банктарга жана банк эмес финансы-кредит уюмдарына 6-октябрында өз ишин токтотуп, коопсуздук чараларын күчөтүүнү сунуштайт. Бул тууралуу Улуттук банк билдирет.

Улуттук банк финансылык кызмат көрсөтүүлөргө байланыштуу маселелер келип чыккан учурда онлайн-сервис кызмат көрсөтүүлөр (телефон, электрондук почта, социалдык түйүндөр жана мессенджерлер ж.б.) аркылуу финансылык уюмдарга кайрылууну сунуштайт.

Финансылык уюмдардын иштөө режими, финансылык продуктулар жана кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалыматтарды алардын интернет-сайттарынан алууга болот.

"Улуттук банк жагдайды байкоого алып турат, зарыл болгон учурда өлкөнүн финансылык жана банк системасынын туруктуулугун жана коопсуздугун камсыз кылуу үчүн тиешелүү чараларды көрөт", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий