• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Улуттук банк марттын аягында эсептик ченди 5% деңгээлинде сактады

Экономика 0


Бишкек, 28-март /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Кыргызстандын Улуттук банкы 27-мартта эсептик чен өлчөмүн 5% деңгээлде сактады. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында КР УБ төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда инфляция күтүлгөн ченемден өсүү динамикасын улантууда. Ошентип, үстүбүздөгү жылы мартта инфляциянын көлөмү жылдык 2,6%ды түздү.

“Өлкөдө экономикалык активдүүлүк ички керектөөнүн барган сайын кайра калыбына келүүсү менен кармалууда. 2017-жылдын январь-февралына 5,4% деңгээлинде болду. “Кумтөр” кенин эсепке албаганда, экономиканын өсүшү 3,6%ды түздү. Өлкөнүн ички валюталык рыногу туруктуу. Жыл башынан бери сомдун бекемделиши 0,5%ды түзгөн. Мартта КР УБ ички валюталык рынокко катышкан эмес”, - деп белгиледи ал.

Ошондой эле, ал Улуттук банктын божомолдору боюнча, тышкы экономикалык чөйрөнү жана атамекендик экономиканын өнүгүшүн баалоодо азыркы мезгилде инфляциянын туруктуу темпи күтүлүүдө. Анын көрсөткүчү 2017-жылдын аягына карата белгиленген 5-7% деңгээлге жетет.

“Мындай шарттарда, ошондой эле, ички жана тышкы инфляциялык кооптонуусуз бул эсептик ченди сактоо КР УБга экономиканын өсүш темпин кармоого шарт түзөт”, -деп кошумчалады ал.

Улуттук банктын башчысы мындай оң көрсөткүчтөр бир нече факторлорго негизделгенин билдирди.

“Бул сезондук сатып алуучулук активдүүлүк. Азыр, мисалы, жазгы талаа иштери башталды. Ошондой эле, негизги соода өнөктөш өлкөлөрдө кырдаалдын жакшыруусу таасир берди. Мындан тышкары, акча которуулар 201 млн долларды түзүп, көбөйгөн. Өткөн жылы бул сан 125 млн долларды түзгөн”-,деп белгиледи Т.Абдыгулов.

Пикир

Оставить комментарий