• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Улуттук банк «Мобильниктин» лицензияларын убактылуу токтотту

Коом 0

Бишкек, 21.02.19 /Кабар/. Улуттук банк 21-февралдан тарта төлөмдөрдү кабыл алган "Мобильник" компаниясынын лицензияларын убактылуу токтотту. Бул тууралуу банктык маалымат кызматы кабарлады.

"Мобильник" эки лицензияны 2015-жылдын май айында алган.

Эске салсак, январдан тарта "Мобильниктин" терминалдарында катачылыктар байкалып, "Түндүкэлектр", "Ошэлектро" жана MegaCom бул фирманын кызматтарынан баш тартышкан.

Кийинчерээк "Мобильниктеги" мүчүлүштүктөр байкалганын Beeline, О!, "Акнет" жана "Бишкектеплосеть" билдиришкен.

Февральдын башында "Мобильник" фирмасынын жетекчилиги техникалык каталардын баары жоюлганын билдирген.

Бирок системада кайра катачылыктар байкалып, төлөмдөрдү кабыл алуу кызматы токтотулган болчу.

Пикир

Оставить комментарий