• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Улуттук банк мурда токтотулган операцияларды кайра жандандырат

Коом 0

Бишкек, 16.08.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы коронавируска байланыштуу убактылуу токтотулган айрым операцияларды кайра баштайт. Бул тууралуу банктын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, КР Улуттук банкы «Эгемен Кыргыз Республикасына – 30 жыл» жаңы коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарып жаткандыгына байланыштуу 2021-жылдын 16-августунан тартып нумизматикалык баалуулуктарды, өлчөнгөн алтын куймаларын сатуу, ошондой эле эскилиги жеткен акчаларды алмаштыруу операцияларын кайрадан жүргүзө баштайт.

Коллекциялык монеталарды сатуу Улуттук банктын мекемелеринин кассаларында иш күндөрү саат 9:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлөт, ошондой эле www.numizmat.nbkr.kg веб сайты аркылуу.

Эскерте кетсек, Улуттук банк коронавирустун жайылуусуна байланыштуу июль айынын башында айрым операцияларды убактылуу токтоткон.

Пикир

Оставить комментарий