• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Улуттук банк валюта рыногундагы кырдаал боюнча түшүндүрмө берди

Экономика 0

Бишкек, 11.03.20. /Кабар/. Кыргызстандын соода тармагындагы негизги өнөктөш өлкөлөрүнүн финансылык рынокторунда өзгөрүлмөлүү жагдай байкалууда. Рыноктордун соода жана финансы операциялары аркылуу бири-бирине байланышта болушу бул өлкөлөрдө болгон жагдайдын Кыргыз Республикасынын финансылык индикаторлоруна да таасир этүүсүн шарттоодо. Бул тууралуу КР Улуттук банкы билдирет.

"Мындай шарттарда Улуттук банк көргөн чаралар Кыргызстандын экономикасына терс таасирин тийгизиши мүмкүн болгон тышкы таасирлерди жеңилдетүүгө багытталган. Баа жана финансы туруктуулугун камсыз кылуу Улуттук банктын негизги максаттарынын бири болуп саналат. Улуттук банк валюта саясатын жүргүзүүдө эркин алмашуу курсун карманат. Ошентсе да, валюта рыногундагы активдүүлүк көп учурда жарандардын күтүүлөрү менен психологиялык факторлордон улам жаралууда", - деп билдирет Улуттук банк.

Улуттук банктан белгилешкендей алар, алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсүн түзөө максатында, 2020-жылдын 10-мартында 53,7 млн доллар суммасында чет өлкө валютасын сатуу боюнча интервенцияны ишке ашырды (анын ичинде нак акчада 4 млн доллары). Учурда ички валюта рыногунда жагдай туруктуу.

Улуттук банктын эл аралык резервдеринин көлөмү жетиштүү жана ал келечектеги товарлардын 5 айлык импортун жабууга жетет, 2020-жылдын 9-мартына карата эл аралык резервдер көлөмү 2 млрд 428,26 млн долларды түзгөн.

"Эл аралык резервдердин жетиштүү запасы, акча-кредит саясатын жүргүзүүнүн жана жөнгө салуунун кеңири инструменттери Улуттук банкка ыкчам чара көрүүгө, анын ичинде спекуляциялык аракеттерге жол бербөө үчүн валюта интервенцияларын жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Улуттук банк ички валюта рыногунда жана тышкы финансылык рыноктордо болгон жагдайды байкоого алып турат", - деп билдиришти Улуттук банктан.

Жыл башынан тартып 10-мартка чейин Улуттук банк 140,2 млн доллар интервенция жасаган.

Пикир

Оставить комментарий