• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Улуттук банк жыл башынан бери 645,2 млн сомго алтын куймасын сатты

Экономика 0

Бишкек, 22.06.22. /Кабар/. Улуттук банк жыл башынан бери 645,2 млн сомго 1 граммдан 100 граммга чейинки салмактагы 104,6 кг алтын куймасын сатты. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Улуттук банктан билдирди.

Банктын маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө 1 граммдан 100 граммга чейинки салмактагы алтын куймаларына туруктуу суроо-талап байкалууда. "1 жана 2 граммдагы алтын куймаларын негизинен баалуу белек катары сатып алышууда", - деп билдирди ведомстводон.

Пикир

Оставить комментарий