• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Улуттук банк жыл башынан бери коммерциялык банктарда 131 текшерүү жүргүзгөн

Экономика 0

Бишкек, 18.11.22. /Кабар/. Улуттук банк тарабынан коммерциялык банктардын жана алмашуу бюролорунун ишине пландан тышкаркы (рейддик) жана план боюнча инспектордук текшерүүлөрдү мезгил-мезгили менен жүргүзүп турат. Бул тууралуу КР УБнын расмий сайтында айтылат.

Маалыматта мындай чара валюталык операцияларды жүргүзүү жана кардарларды тейлөө жагында КР мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бербөө максатында өткөрүлүп жаткандыгы айтылат.

2022-жылдын башынан бери коммерциялык банктарда 131 текшерүү жүргүзүлүп, анын натыйжасында КРнын мыйзамдарына ылайык таасир этүү чаралары көрүлгөн.

Мындан тышкары, коммерциялык банктарга кардарларды банктык тейлөө, кардарлардын алдындагы милдеттенмелерди аткаруу үчүн ликвиддүүлүктү колдоо жана башка иштерди күчөтүү сунушталган.

Ошондой эле коммерциялык банктардын жетекчилери менен учурдагы кырдаалды талкуулоо жана иштин туруктуулугун сактоо боюнча зарыл чараларды кабыл алуу үчүн дайыма жолугушуулар өткөрүлүп турат.

Алмашуу бюролорунун ишин көзөмөлдөө жагында 2022-жылдын башынан бери 120 алмашуу бюролоруна жана Улуттук банктын тиешелүү лицензиясы жок чет өлкө валютасын алмаштыруучу жактарга 54 инспектордук текшерүү жүргүзүлүп, анын натыйжасында КР мыйзамдарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле Улуттук банктын талаптарын аткарбагандыгы үчүн 30 жазма буйрук жөнөтүлгөн, 34 ирет алмашуу бюролорунун лицензиялары токтотулган, 1 алмаштыруу бюросунун лицензиясы кайтарылып алынган.

Мындан тышкары, 23 алмашуу бюросуна 55,0 миң сомдон (жалпы суммасы 1265 миң сом) жана 39 жеке жакка 17,5 миң сомдон (жалпы суммасы 682,5 миң сом) айып пул салынган.

Улуттук банктын тиешелүү лицензиясы жок алмашуу операцияларын жүргүзгөн жактардын алып-сатарлык аракеттерине жол бербөө максатында, укук коргоо органдары менен биргеликте тиешелүү иш-чаралар кошумча жүргүзүлүп турат.

Инспектордук текшерүүдөн тышкары, Улуттук банк тарабынан сырттан көзөмөлдөө иши жүргүзүлөт, анын алкагында ички контролду күчөтүү жана көзөмөлгө алынган уюмдардын ишин банк мыйзамдарына ылайык келтирүү боюнча иш-чаралар туруктуу негизде жүргүзүлүп турат.

Улуттук банк күн сайын валюта рыногундагы кырдаалга мониторинг жүргүзүп, мыйзам бузууларга жол бербөө үчүн акча алмаштыруу жайларынын жетекчилери менен кызматкерлерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келет. Валюта рыногунун катышуучулары тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу фактылары аныкталган учурларда, Улуттук банк тиешелүү таасир этүү чараларын колдонот.

Пикир

Оставить комментарий