• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Улуттук банк жыл башынан бери төрт ирет интервенция жасап, 227 млн доллар саткан

Экономика 0

Бишкек, 28.02.23. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Улуттук банк жыл башынан бери төрт ирет интервенция жасады. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө Улуттук банктын эл аралык резервдери – 2,6 млрд долларды түзөт.

“Эл аралык резервдердин курамына чет өлкөлүк валюта, алтын жана баалуу кагаздар кирет. Керек болгон учурда Улуттук банк улуттук валютанын курсунун серпилүүсүнө жол бербөө үчүн интервенция жасайт. Жыл башынан бери төрт ирет интервенция жасап, 227 млн долларды рынокко саткан”, - деди Карабаева.

Пикир

Оставить комментарий