• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Улуттук банкта бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушуу өттү

Экономика 0

Бишкек, 13.07.22. /Кабар/. Улуттук банкта коммерциялык банктардын, «Кыргызстан Банктарынын Союзу» юридикалык жактар бирикмесинин жана Кыргызстандын бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү: «Бизнес-ассоциация JIA» юридикалык жактар бирикмесинин, «Легпром» Кыргызстан жеңил өнөр жай ишканаларынын ассоциациясынын жана «Бишкек» эркин экономикалык аймактын жолугушуусу болуп өттү.

Улуттук банктын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушуу Улуттук банк тарабынан бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү жана коммерциялык банктар менен банктык тейлөөгө, төлөмдөрдү жүргүзүүгө, нак чет өлкө валютасы менен камсыздоого, банктык комиссиялык төлөмдөргө жана банктардын тарифтерине байланыштуу актуалдуу маселелерди түздөн-түз талкуулоо үчүн уюштурулган.

Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар бизнести колдоого алуу, банктык тейлөөнү жакшыртуунун жана төлөмдөрдүн үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуунун алкагында банктар тарабынан сунушталып жаткан банктык продукттарды колдонуу жагында көрүлүшү мүмкүн болгон чаралар тууралуу пикир алмашышты.

Жолугушууну жыйынтыктоо менен Улуттук банктын төрагасынын орун басары Манас Жакыпов Улуттук банк башка бизнес-ассоциациялардын жана ишкерлердин өкүлдөрүнүн катышуусунда банктык тейлөө боюнча актуалдуу маселелерди талкуулоо үчүн мындай жолугушууларды мындан ары да уюштурууга даяр экендиги белгилеп кетти.

«Жаңы мүмкүнчүлүктөр – банк системасы үчүн да, бизнес үчүн да, өзгөчө тышкы экономикалык ишкердик менен алектенгендер үчүн да келечектүү чечим. Учурдагы кыйынчылыктарга карабастан, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жана өз ара алгылыктуу чечимдерди табуу үчүн биргелешип күч жумшоо зарыл. Улуттук банк, өз кезегинде, биргелешип иш алып барууга даяр жана банк, төлөм системаларынын, төлөмдөрдүн үзгүлтүксүздүгүн жана талаптагыдай банктык тейлөөнү камсыз кылуу үчүн бардык күч-аракетин жумшоодо», - деп белгиледи Жакыпов.

Пикир

Оставить комментарий