• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Улуттук банкта валюта рыногундагы кырдаал талкууланды

Экономика 0

Бишкек, 18.01.23. /Кабар/. Улуттук банктын төрагасынын орун басары Манас Жакыпов коммерциялык банктардын жетекчилери менен жолугушту. Бул тууралуу Улуттук банктын расмий сайтында маалымдалат.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө өлкөнүн валюта рыногундагы учурдагы абал, ошондой эле министрлер кабинетинин 2022-жылдын 13-январындагы токтому менен киргизилген, накталай АКШ долларын Кыргызстандан алып чыгууга убактылуу тыюу салууга байланыштуу маселелер талкууланды.

Улуттук банктын жетекчилиги кардарларды банктык тейлөөнүн сапатын жогорулатуу, калктын керектөөсүн канааттандыруу үчүн накталай чет өлкө валютасын жетиштүү көлөмдө камсыз кылуу жана аралыктан банктык тейлөө системасы аркылуу коммерциялык банктар тарабынан накталай эмес төлөмдөрдү камсыз кылуу зарылдыгына басым жасады.

Жолугушууда Улуттук банк валюта рыногундагы кырдаалга дайыма көз салып, көзөмөлдөп турары жана зарыл болгон учурда өлкөнүн банк жана төлөм системаларынын туруктуу жана коопсуз ишин мындан ары камсыз кылуу үчүн чараларды көрөрү белгиленди.

"Зарыл болгон маалыматтарды/консультацияларды ыкчам алуу үчүн жарандар Улуттук банктын коомдук кабылдамасына 0 312 61 04 86 телефону, WhatsApp-каналына 0501 89 00 00 телефон номери, финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн укугун коргоо маселелери боюнча 0312 61 45 78 жана 0555 85 57 48, 0770 73 73 49 уюлдук телефон номерлери аркылуу кайрылышса болот", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий