• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Улуттук банктан доллардын курсу кантип турукташкандыгы тууралуу айтып беришти

Экономика 0

Бишкек, 30.03.22. /Кабар/. Улуттук банктын төрагасынын орун басары Нурбек Жеңиш Жогорку Кеңештин жыйынында регулятор доллардын курсун азайтууга кантип жетишкенин айтып берди.

Анын айтымында, Улуттук банк интервенция жүргүзүп, эсептик ченди 14%га көтөрдү, ошондой эле курска таасир эткен тышкы факторлор турукташты.

“Жыл башынан бери Улуттук банк 284,3 млн доллар сатты”, - деди ал.

Депутаттын регулятор долларды сатуудан канча киреше тапты деген суроосуна төраганын орун басары Улуттук банк киреше алууну көздөбөйт, негизги максат – баанын жана сомдун улуттук валютасынын туруктуулугун көзөмөлдөө экенин айтты.

"Учурда канча пайда тапканыбыз тууралуу маалымат жок, пайда таптык окшойт, бирок аны азырынча эсептей элекпиз”, - деди Нурбек Жеңиш.

Пикир

Оставить комментарий