• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Улуттук банктын 2018-жылдагы иши канааттандырарлык деп табылды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 27.06.19. /Кабар/. Өткөн жылы банктарга өлкөнүн алыскы аймактарына банкоматтарды орнотуу талабын койгонбуз, тилекке каршы алар баардык айылдарды камтый алышкан жок. Быйыл мунун акырына чыгабыз. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов Жогорку Кеӊеште Улуттук банктын 2018-жылдын иши жөнүндө отчету угулуп жатканда билдирди.

Ушу тапта Кыргызстанда 25 коммерциялык банк бар, азырынча бул жетиштүү. Алардын ар биринин ээлеген орду, тейлеген кардарлары бар. Алардын арасында 2-3 банк мүмкүнчүлүгү жоктугуна байланыштуу Улуттук банктын капиталдаштыруу талабы боюнча милдеттенмелерин аткара албайт. Ошондон улам, мыйзамга ылайык, банктын капиталын 600 млн сомго чейин көтөрө албайбы, анда банк микрокаржы компаниясына өтүшү керек.

Азыркы учурда «Росинбанктын» 4 млрд 550 млн сомго чейин жеткирилип, Улуттук банктын үлүшү да 85 пайыздан 95 пайызга чейин көбөйтүлдү. Анын каржы раногунда башка банктарга жолтоо болбошу үчүн ипотека менен курулуш тармагын тейлөө кызматына коюлду. Ал азыр Мамлекеттик ипотекалык компаниядай эле 6 пайыздуу үстөк менен насыя каражаттарын бере баштады.

Мамлекеттик ипотекалык компания ортомчу катары иштеп жатканы, турак-жай берүү багыты да бар экени белгилүү болду. Жакында сунуш кылган мыйзам кабыл алынып калса, анда турак жай аманат кассалары түзүлүп, насыя эле бербестен, баштапкы мүчөлүк акыларды жыйноо менен, депозиттик каражаттарды тарта баштайт. Ошондой эле, эл аралык донорлор менен иштешип, жалпы портфелге каражаттарды тартууга киришет.

Депутат Аалы Карашев өткөн жылы Кыргызстанда инфляция эӊ төмөн болгонун, сомдун куну туруктуу кармалып турганын, мында Улуттук банктын да салымы бар экенин белгиледи.

Жыйынтыгында Улуттук банктын 2018-жылдагы иши канааттандырарлык деп табылды.

Пикир

Оставить комментарий