• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Улуттук банктын аброю үчүн: Абдыгулов жоюлган 5,5 млн сом ссуданы төлөп берет

Коом 0

Бишкек, 26.02.19. /Кабар/. Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов буга чейин жоюлган 5,5 миллион сом өлчөмүндөгү ссуданын калганын төлөп бермей болду. Бул тууралуу Абдыгулов "Кабарда" өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, кечирилген турак-жай ссудасы боюнча Башкы прокуратура текшерүү иштерин жүргүзгөн. Кечирилген ссуда боюнча эч кандай мыйзам бузуулар табылган жок.

"Мен бул маселе боюнча бир нече фактыларга сиздердин көңүлүңүздөрдү бурайын дедим эле. Бул маселе үч ай бою коомчулукта кызуу талкууланып келди. Башкы прокуратура тарабынан бул боюнча текшерүү иштери жүргүзүлдү. Жыйынтыгында ссуданы кечирүү мыйзамдын чегинде жүргүзүлгөндүгү тууралуу чечим кабыл алынды. Бирок, бул маселе коомчулукта кеңири талкууланып, Улуттук банктын төрагасы катары менин ишмердүүлүгүмө гана эмес жалпы банктын аброюна таасирин тийгизди", - деди Абдыгулов.

Ал билдиргендей, Улуттук банктын ишмердүүлүгү коомчулукта шек жаратпашы керек.

"Ошол себептен мен бул кечирилген ссуданы өз ыктыярым менен төлөп баштайм деген чечим кабыл алдым. Жакынкы күндөрдө бир нече өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин, мен бул чечимимди ишке ашыра алам”, - деп кошумчалады ал.

Эске сала кетсек, 2015-жылы Абдыгулов 5,5 млн. сом көлөмдөгү турак-жай ссудасын алган. КРнын президентинин 2017-жылдын 26-августундагы жарлыгы менен ал КРнын биринчи вице-премьер-министри болуп дайындалган. Анын саясий жетекчилик кызматка кетип жаткандыгына жана Улуттук банкта 10 жылдан ашык кызматтангандыгына байланыштуу банктын башкармалыгы 2017-жылдын 31-октябрынан тарта 4 млн. 824 миң сом өлчөмүндөгү ссуданын калдыгын тиешелүү салыктарды төлөө менен кечирүү чечимин кабыл алган.

Пикир

Оставить комментарий