• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Улуттук банктын адиси төлөм системалары аркылуу акча которуулар тууралуу айтып берди

Экономика 0

Бишкек, 28.01.23./Кабар/. Улуттук банктын Төлөм системалары башкармалыгынын начальники Айбек Султаналиев Кыргызстанга төлөм системалары аркылуу акча каражаттарын которуулары тууралуу айтып берди.

Кыргызстанда канча акча которуу системасы иштейт?

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында банк эсебин ачпастан эл аралык акча которуу системаларынын 15 оператору каттоодон өткөн, ошондой эле Visa, MasterCard, Union Pay Int., American Express, JCB, Золотая Корона жана Мир сыяктуу 7 банктык төлөм карттары менен эсептешүүлөрдүн эл аралык системалары да каттоодон өтүшкөн.

Чет өлкөдө иштеген кыргызстандыктар жылына канча акча которушат?

— Улуттук банктын 2022-жылдын 11 айы үчүн статистикалык маалыматтарына ылайык, башка өлкөлөрдөн Кыргыз Республикасына акча которуулардын көлөмү 2 миллиард 700 миллион АКШ долларынан ашыкты түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8,8%га өскөн. Көбүнчө Россия, АКШ жана Түркия сыяктуу үч өлкөдөн которуулар жүзөгө ашырылган.

2021-жылы акча которуулардын көлөмү 2 миллиард 750 миллион АКШ доллардан ашыгыраакты түзгөн.

Акча каражаттарын которууда накталай акчага айландыруу үчүн комиссиялык төлөмдү жөнөтүүчү төлөйбү же алуучубу?

— Кыргыз Республикасынын аймагында иштеген акча которуу системаларынын көпчүлүгүнүн эрежелерине ылайык, акча которуу үчүн комиссия жөнөтүүчү тарабынан төлөнөт. Мисалы, эгер сизге Россиядан акча которуу жөнөтүлгөн болсо, бул которуу үчүн комиссияны Россиядагы жөнөтүүчү төлөгөнүн билдирет. Кыргызстандагы алуучу акча которуунун толук суммасын комиссиясыз жана башка төлөмдөрсүз алат.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын аймагында акча которуу системалары аркылуу акча которууларды жүргүзүүнүн эрежелерине ылайык, эсеп ачуусуз акча которуу системасы боюнча келип түшкөн акча которууларды которуу/төлөө валютасынан башка валютага конвертациялоо (алмашуу операциясы) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырыла тургандыгын маалымдайбыз. Акча которууну конвертациялоо Кыргыз Республикасынын банктары тарабынан чет өлкө валюталарын сатуу жана сатып алуу курстарынын маалымат тактасында көрсөтүлгөн курсу боюнча (нак акча алмаштыруу үчүн) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА) токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобого ылайык ишке ашырылат.
Бул эрежелер атайын акча которуу системаларын колдонуу менен банк эсебин ачпастан акча которууларга гана колдонулат.

Банктык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн накталай эмес эсептешүүлөогө өтүүсү үчүн Улуттук банк тарабынан кандай иштер жүргүзүлүүдө?

Калкка мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөөдө, субъекттер ортосунда эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө, үчүнчү жактардын пайдасына накталай эмес формада төлөмдөрдү жүргүзүүдө кеңири мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу максатында төлөм инфраструктурасын жакшыртуу боюнча чаралар көрүлүүдө.
- Акыркы 5 жыл ичинде коммерциялык банктар өлкөгө 871 банкомат, 11 873 POS-терминал, 1 479 төлөм терминалын алып келишти. 2022-жылдын 1-декабрына карата абал боюнча банк жабдууларынын саны 2 024 банкоматты, 15 980 POS терминалды жана 2 336 төлөм терминалын түздү.
- 1139 айылдын калкын банктык төлөм картасынан акча каражаттарын алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу үчүн «Кыргыз почтасы» МИнин филиалдарына 387 POS-терминал орнотулду.
- Акыркы 5 жыл ичинде калкка коммерциялык банктар менен түзүлгөн агенттик келишимдин негизинде соода-тейлөө ишканаларынын кассаларынан POS-терминалдар аркылуу төлөм карталарынан накталай акча алуу мүмкүнчүлүгү тузулгөн. Бул кызмат, бир жагынан банктык төлөм карталарынын ээлерине акча алуунун тез жана ыңгайлуу шарттарын түзсө, экинчи жагынан, соода -тейлөө ишканаларынын кардарларын жана алардын сатып алууларынын көбойүшунө шарт түзөт. Учурда 4 коммерциялык банк тарабынан аймактарда жайгашкан 90 соода - тейлөө ишканаларынын кассаларында банктык төлөм карталарынан акча каражаттарын нак акчага айландыруу долбоору ишке ашырылууда. Ошондой эле, 2022-жылдын 1-майынан тартып “Элкарт” банктык төлөм карталарынын ээлери муниципалдык транспортто жүрүү акысын “Элкарт” картасы аркылуу төлөө мүмүкүнчүлүгүнө ээ болушкан.
- «Элкарт» Улуттук төлөм системасын өнүктүрүүнүн алкагында «Элкарт Мобайл» мобилдик тиркемесин жана QR-код төлөмдөрүн, байланышсыз «Элкарт NFC» (Элкарт Бесконтакт) карталарын жана Россиянын «Мир» төлөм системасынын карталарынан «Элкарт» карталарына которууларды киргизүү жана өнүктүрүү боюнча долбоорлор ишке ашырылган.
- Калкты товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө QR-коддор (накталай эмес) аркылуу да төлөө мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу максатында QR-төлөмдөрдү киргизүү жана өнүктүрүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Алсак, мамлекеттик органдар менен биргеликте юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин милдетине товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн калктан накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн өз ишин жүргүзгөн жеринде атайын жабдууларды орнотуу милдетин караган өзгөртүүлөр киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий