• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Улуттук банктын адиси ислам банкингинин өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып берди

Экономика 0

Улуттук банктын ислам финансылык продукттар бөлүмүнүн башчысы Самара Майташова калктын ислам каржылоо принциптери тууралуу маалымдуулугун жогорулатуу максатында ислам банкингинин өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып берет.

Ислам каржылоо принциптери боюнча кимдер кызмат көрсөтөт жана ал кызматтар менен ким пайдалана алат?

— Улуттук банктын атайын лицензиясына ээ болгон финансы-кредит уюмдары ислам каржылоо принциптери боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштай алат. Бүгүнкү күндө бул 5 коммерциялык банк жана 8 микрокредиттик компания.

Ислам принциптери боюнча кызмат көрсөтүүлөр депозиттерди ачуу, эсептешүү-кассалык жабдуулар, каржылоону сунуштоо ж.б. кошо алганда банктык операциялардын бардык спектрин камтыйт. Ошол эле учурда, ислам банк продукттары шариат стандарттарын сактоо менен бериле тургандыгын эске алганда, аларга буга чейин колдонулуп келе жаткан банктык операциялардан олуттуу түрдө айырмалай турган өзгөчө мүнөздөмөлөр таандык болорун түшүнүү зарыл. Ошону менен бирге, сунушталган банк продуктуларынын шарттарына кызыккан адамдар кайсы дин тутканына карабастан, каржылоонун ислам принциптеринде иштеген банктардын кызматына кайрыла алышат.

Сиз ислам банкингинин бүтүмдөрүнүн өзгөчөлүктөрү бар деп айттыңыз. Бул кандай өзгөчөлүктөр жана алар кандай?

Ислам банкингинин бир нече өзгөчөлүктөрү бар, анын айрым өзгөчөлүктөрүнө токтоло кетели. Ислам банкингинде гарантияланган пайыздар түрүндө киреше алууга жана төлөөгө тыюу салынган. Ошондуктан, ислам каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банк товарларды жана башка активдерди кайра сатуу, бизнесте өнөктөш катары киреше алат.

Гарантияланган пайыздардын жоктугу, каржылоо акысыз негизде же кайрымдуулук катары сунушталат дегенди түшүндүрбөй тургандыгын билүү зарыл. Банк каржылоого жайгаштырган акчалар – бул калктан, анын ичинде пенсионерлерден жана башка жеке адамдардан тартылган акча болуп саналат жана банк тартылган каражаттарды башкарууда жоопкерчиликти моюнга алат.

Коом үчүн зыяндуу ишкердик чөйрөлөрүнө, мисалы, алкоголдук продукцияларга, тамеки чыгаруу үчүн каражат салууга тыюу салынат. Кумар оюндарын жана лотереяларды каржылоого да тыюу салынган. Демек, эгерде каржылоого шариат эрежелери тыюу салган ишмердүүлүк багыттары боюнча суралса, кардарга каржылоо берилбейт.

Шариат стандарттары, аларды ким коюп, алардын сакталышын ким текшерет?

— Шариат стандарттары ислам банк операцияларын жүргүзүү эрежелери болуп саналат. Бул стандарттар AAOIFI жана IFSB (Ислам финансы институттары үчүн бухгалтердик эсеп жана аудит уюму, Ислам финансы кызматтары кеңеши) сыяктуу эл аралык уюмдар тарабынан иштелип чыккан жана бекитилген. Биздин өлкөдө шариат стандарттары мыйзам деңгээлинде таанылган. Улуттук банк финансы-кредиттик уюмдардын ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууда ушул стандарттарды жетекчиликке алат. Демек, ислам операцияларын жүргүзүүдө банктар Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын сактоо аркылуу шариат стандарттарын да сакташат.

Мындан тышкары, ар бир коммерциялык банкта Шариат кеңеши бар. Шариат кеңеши – бул банктын саясаттарынын жана типтүү келишимдеринин шариат стандарттарына ылайык келүүсү үчүн жоопкерчилик тарткан органы. Шариат кеңешинин курамына Улуттук банктын талаптарына жооп берген, анын ичинде шариат, ислам банк иши жана укук маселелери боюнча да жетиштүү квалификацияга, ошондой эле иш тажрыйбасына ээ адамдар кириши мүмкүн.

Ошентип, ислам банктарынын иши Улуттук банк жана банктын Шариат кеңеши тарабынан эки жолу текшерилет.

Жалпысынан биздин жарандарды каржылоонун ислам принциптери боюнча маалымат берүүчү адамдын жана уюмдун квалификациясын жана тажрыйбасын, банк мыйзамдары, шариат жаатындагы билимин жетекчиликке алуу менен ислам каржылоо принциптери жаатындагы текшерилген жана ишенимдүү маалыматка гана ишенүүгө чакырат элем. Андан тышкары, акча салууга же каржылоо алууга келгенде маалымат эки жолу текшерилиши керек. Мисалы, расмий маалымат булактары аркылуу, бул Улуттук банктын веб-сайты, коммерциялык банктардын өздөрүнүн веб-сайттары, Ислам өнүктүрүү банкы, AAOIFI, IFSB сыяктуу эл аралык уюмдардын веб-сайттары болушу мүмкүн. Эскерте кетсек, ислам каржылоо принциптери тууралуу баардык суроолор боюнча Улуттук банкка кайрылсаңыз болот.

Пикир

Оставить комментарий