• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Улуттук банктын башчысы: Ички валюталык рыноктогу абал туруктуу

Экономика 0


Бишкек, 30-май /Салтанат Абдраева – Кабар/. Ички валюталык рыноктогу абал туруктуу. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында КР Улуттук банкынын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди.

Анын айтымында, улуттук валютаны бекемдөө тенденциясы уланууда. 2017-жылдын башынан бери сомду бекемдөө 1,9% түзгөн. Үстүбүздөгү жылдын майында Улуттук банк ички валюталык рынокко катышкан эмес.

“Мурда кабыл алынган акча-насыялык шарттарды жеңилдетүү чараларынын таасири акча рыногунун улуттук валютадагы кыска мөөнөттүү пайыздык коюмдарында байкалууда. Буга ошондой эле, Улуттук банктын экономиканы өнүктүрүү максатында экономиканын негизги тармактарынна насыя берүүнү кеңейтүүгө багытталган акча-насыя саясаты таасир берет”, - деди Улуттук банктын башчысы.

Т.Абдыгулов белгилегендей, Улуттук банктын божомолдоолору боюнча, инфляциянын динамикасы 2017-жылдын аягына карата 5-7%га жакындайт.

Ошондой эле, ал Улуттук банк туруктуу негизде инфляцияга таасир берүүчү ички жана тышкы факторлорду баалап, акча-насыя саясатында тиешелүү чараларды жүргүзүүнү уланта тургандыгын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий