• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Улуттук банктын бир кызматкеринен коронавирус аныкталды – Абдыгулов

COVID - 19 0

Бишкек, 27.05.20. /Кабар/. Улуттук банктын бир кызматкеринен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги онлайн маалымат жыйыны учурунда Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди.

Анын айтымында, учурда ал кызматкер ооруканада дарыланууда.

"Ал менен байланышта болгон 40 адам үй карантинине жөнөтүлгөн. Алардан анализ алынган. Улуттук банктын башка кызматкерлери арасында коронавирус жуктурган жаңы учур катталган жок", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий