• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Улуттук банктын бир кызматкеринен коронавирус аныкталды

COVID - 19 0

Бишкек, 19.06.20. /Кабар/. Улуттук банктын бир кызматкери коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирди.

Улуттук банктан билдиришкендей, 18-июнь күнү бир кызматкердин анализдери анда коронавирус бар экенин көрсөткөн.

“Учурда ал кызматкердин оорусу жеңил түрдө өтүп жатат. Ал дарыланууда. Улуттук банктагы ал менен байланышта болгон адамдардын баары аныкталып, алар үй карантинине жөнөтүлдү. Алардан анализ алынган. Ооруп калган кызматкер иштеген жерде дезинфекциялоо иштери жүргүзүлдү”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий