• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Улуттук банктын пайдасынын эсебинен 90% республикалык бюджетке которулат

Президент 0

Бишкек, 11.04.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан 2018-жылдын 28-февралында кабыл алынган.

Кабыл алынган Мыйзамдын максаты республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү болуп саналат. Тактап айтканда, Мыйзамда Улуттук банктын пайдасынын эсебинен республикалык бюджетке которулуучу өлчөмүн жетимиш пайыздан токсон пайызга көтөрүү каралган.

Мыйзамда 2017 жана 2018-жылдардын жыйынтыктары боюнча Улуттук банктын пайдасын республикалык бюджетке которуу каралган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет жана 2019-жылдын 30-апрелине чейин колдонулат.

Пикир

Оставить комментарий