• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Улуттук банктын төрагасы аймактардагы долбоорлорду каржылоо тууралуу айтып берди

Экономика 0

Бишкек, 08.10.19. /Кабар/. КР Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында аймактардагы долбоорлорду каржылоо тууралуу айтып берди. Анын маалыматына караганда, региондогу долбоорлорду каржылоону колдоо максатында Улуттук банк 49 пайыз үлүшүнө ээ акционери болуу менен “Кепилдик фонду” ААКсынын капиталына 550 млн. сом инвестиция жумшады.

Абдыгуловдун айтымында, Улуттук банк Кепилдик фондунун 49 пайыз акциясына ээлик кылат.

"Бул долбоордун алкагында Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду старт-ап долбоорлорду каржылоого 1 млн. АКШ долларын бөлгөн, бул каражаттар үч областка тең бөлүштүрүлөт. Старт-ап долбоорлор программага катышкан коммерциялык банктар тарабынан кошумча каржыланышы мүмкүн. "Кепилдик фонду" ААКсы старт-ап долбоорлору каржылоо үчүн тандалып алынган ишкерлерге кепилдик берет. Каржылоо программасынын айырмаланган өзгөчөлүгү катары күрөөлүк камсыздоого карата минималдуу талаптар коюлганын, үч жыл ичинде чыгым тартуусуз иш алып баруу талабынын жоктугу саналат. Мында төмөнкү пайыздык чен - 4%, каржылоо мөөнөтү - 7 жылга чейин, акча каражаттарын кайтаруу боюнча жеңилдик берилүүчү мезгил аралыгы – 24 айга чейин жана ишкерлерге консультация берүү түрүндө колдоо көрсөтүү каралган", - деп түшүндүрдү ал.

Улуттук банктын төрагасы кошумчалагандай, бүгүнкү күндө коммерциялык банктар Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду менен келишимдерди түзүү боюнча иш алып барууда. Андан кийин каралып жаткан программанын алкагында кредиттерди берүү иши башталат.

"Андан тышкары, Улуттук банк узак мөөнөттүү экономикалык өсүүгө өбөлгө түзүү үчүн ЕАЭБ алкагында башка мамлекеттер менен бирдикте Кыргыз Республикасы тарабынан түзүлүүчү эл аралык уюмдарга улуттук валютада кредит сунуштоодо. 2015-жылдан баштап азыркы күнгө чейин бул инструмент аркылуу бөлүнгөн каражаттардын көлөмү 2,5 млрд сомду түздү", - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий