• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Улуттук банктын төрагасы валюта рыногуна кайсы факторлор таасир этерин айтты

Экономика 0

Бишкек, 25.12.18. /Кабар/. Улуттук банктын резервдери тез арада интервенция менен чыгып, валюта базарындагы абалды турукташтырууга мүмкүнчүлүк берет. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйыны учурунда билдирди.

Ал белгилегендей валюта курсун так божомолдоого болбойт.

“Ар бир өлкөнүн курсу экономиканын жана тышкы факторлордун таасирине көз каранды экенин белгилеп кетүү зарыл. Акыркы интервенция тышкы дагы, ички дагы көрсөткүчтөр менен байланыштуу болгон. Себеби жыл аягында көп келишимдер, мисалы күйүүчү май, металл жана башкалар боюнча келишимдер түзүлөт”, - деди ал.

Мындан тышкары Улуттук банктын башчысы мунайды экспорттоочулар өлкөлөрү уюмунун (ОПЕК+) отуруму болгондуктан бул чочулоону жаратканын белгиледи.

“Ошондой эле баары федералдык резервдик системанын жыйынтыктарын күтүшкөн. Мунун баары валютага болгон суроо-талапты жараткан”, - Абдыгулов.

Пикир

Оставить комментарий