• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Улуттук биримдикти бекемдөө боюнча эксперттик кеңеш «Таза Коом. Жаңы Доор» Улуттук стратегиясынын долбоорун талкуулады

Президент 0

Бишкек, 16.01.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук биримдикти бекемдөө жана диний саясат боюнча эксперттик кеңештин кезектеги отурумунда «Таза Коом. Жаңы Доор» 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын долбоорунун тиешелүү бөлүмдөрү талкууланды. Талкуунун жүрүшүндө сунуштар киргизилип, пикирлер айтылды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Эксперттер акыркы жылдары этностук көп түрдүүлүктү башкарууда, элдин биримдигин бекемдөөдө жана диний чөйрөнү мамлекеттик жөнгө салууда бир катар жакшы өзгөрүүлөр байкалгандыгын белгилешти. Ошону менен катар узак мөөнөттүү келечекте бул чөйрөлөрдө өнүгүү кандай болоорун белгилеп коюу зарыл. Глобалдуу жана аймактагы процесстердин таасири алдында пайда болуп жаткан жаңы чакырыктар, өлкөдөгү жана коңшу мамлекеттердеги демографиялык кырдаалдын өзгөрүшү мына ушунун баардыгын терең талдап, артыкчылыктарды аныктоону талап кылып жатат. Ошолордун негизинде мамлекеттик саясаттын чаралары иштелип чыгууга тийиш, алардын натыйжалуулугу туура тандалган стратегияга жараша болот.

Эксперттик кеңештин мүчөлөрү ошону менен бирге этностук жана диний чөйрөдөгү маселелерди глобалдуу жана аймактагы ыкчам өзгөрүүлөрдүн контекстинде кароо зарыл экендигин белгилешти. Этностук жана диний чөйрөдө мамлекеттик саясаттын өнүгүшүнүн келечеги боюнча мамлекеттин ийкемдүү көз карашы болууга тийиш.

Эксперттик кеңештин мүчөлөрү «Таза Коом. Жаңы Доор» 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын долбооруна өз сунуштарын жана пикирлерин январь айынын акырына дейре киргизишет.

Маалымдама: Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук биримдикти бекемдөө жана диний саясат боюнча эксперттик кеңеш Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 4-июнундагы Жарлыгы менен этностор аралык өнүгүүнү жана улуттук биримдикти бекемдөө жана дин чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты калыптандырып, турмушка ашыруу боюнча ишке жарандык коомду жана эксперттик коомчулукту тартуу максатында түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий