• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Улуттук энени жана баланы коргоо борборунда кош бойлуу аялдын өмүрүн сактап калышты

Ден соолук 0

Бишкек, 16-февраль /Кабар/. Улуттук энени жана баланы коргоо борборунда кош бойлуу аялдын өмүрүн сактап калышты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 1973-жылы туулган Саёра Сайдалиева 2017-жылдын 21-январында Панфилов районунун жалпы врачтык практика борборунан Улуттук энени жана баланы коргоо борборуна келген. 25 жумалык боюнда бар аял борборго “баш мээсинин шишиги” диагнозу менен акыл-эсинен танып оор абалда түшкөн.

Улуттук энени жана баланы коргоо борборунун директору Камчыбек Узакбаевдин жетекчилигинде врачтык консилиумда анын ден соолугу текшерилип, Улуттук госпиталдын базасында дарылоо чечими кабыл алынган. 27-январда академик Миталип Мамытов баш мээге жана төмөнкү-маткадагы сегментке ийгиликтүү операция жасап, кош бойлуу аялдын өмүрүн сактап калат.

Операциядан соң оорулуу интенсивдүү терапиядан өтүп, үйүнө жакшы болуп чыгат. Учурда ал амбулатордук шартта көзөмөлгө алынууда.

Пикир

Оставить комментарий