• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Улуттук энергетика холдингинин башчысы 1 млрд $ насыя жана грант эмнеге жумшалганын айтып берди

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 31.01.18. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Улуттук энергетика холдингинин башчысы Айбек Калиев энергетика тармагына насыя жана грант түрүндө бөлүнгөн акчалар эмнеге жумшалганын айтып берди.

Жогорку Кеңештин Бишкек ЖЭБдеги авария талкууланган жыйынынын жүрүшүндө акыркы 5-6 жылда 1 млрд доллар алынганы айтылды.

“Алардын ичинен 208 млн доллар Датка-Кеминге, 386 млн доллар – Бишкек ЖЭБдин реконструкциясына жумшалган. Дагы 450 млн доллар Токтогул ГЭСине керектелүүдө. Ушу кезде эки трансформатор жана эки кабелдик линия алмаштырылды. Камбарата ГЭСинде экинчи агрегат ишке берилди, Ат-Башы ГЭСи толук кайра курулду. Ошондой эле бөлүштүрүү компаниялары жана Бишкек жылуулук тармагы үчүн каражаттар каралган”, - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий