• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Улуттук энергетикалык холдингдин төрагасы канча айлык аларын айтты

Коом 0


Бишкек, 21.02.20. /Кабар/. Улуттук энергетикалык холдингдин башкармалыгынын төрагасы Айтмамат Назаровдун айлык акысы 56 миң сомду түзөт. Бул тууралуу ал өзү "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында билдирди.

"Холдингде 44 кызматкер иштейт. Мен келгенге чейин холдингдин бюджети 74 млн сом болчу. Андан кийин оптимизация жасалып, компаниянын бюджети 53 млн сомго түшүрүлдү. Учурда 56 миң сом айлык алам. Ал бардык кошумчаларды кошкондо. Менин айдоочум, унаам жок. Энергетикалык холдингде бир автоунаа бар, аны менин орун басарым колдонуп жүрөт", - деди ал.

Ал компаниянын кызматкерлеринин орточо маянасы 22-24 миң сомду түзөрүн белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий