• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Улуттук энергохолдинг: Энергетиктер сууну сатып жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт

Коом 0

Бишкек, 11.08.20. /Кабар/. Энергетиктер сууну сатып жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Улуттук энергохолдингдин көз карандысыз серепчиси Чоробай Акунов Sputnik Кыргызстан радиосуна берген маегинде билдирген.

Анын айтуусуна караганда, суу аз же көп келген учурлар болот. Быйыл болсо суу аз келген убакыт болду. "Сууну сатуу - бул абдан кыйын процесс. Энергетиктер сууну сатып жатат деген сөздөр айтылат. Алар сууну сата албайт. Себеби сууну жаңы түзүлгөн Суу ресурстары боюнча мамлекеттик агенттик көзөмөлдөп турат. Негизи 2000-жылдын башынан бери суу сатылат деген кептер айтылып келүүдө. Бул маалымат чындыкка дал келбейт", - деп баса белгиледи Акунов.

Анын билдирүүсүнө таянсак, суу тартыштыгы маселесин чечүү үчүн Камбар-Ата-1 ГЭСин тез арада куруу керек. "Ошондой эле альтернативдик булактардан энергия алууну жолго салуу абзел. Кичи ГЭСтерди өнүктүрүшүбүз керек. Ошондо бизде суунун азайып-көбөйүүсү көйгөй жаратпайт", - деген пикирде ал.

Улуттук энергохолдингдин көз карандысыз серепчиси билдиргендей, жакынкы коңшу өлкөлөр менен электр энергиясын айлантып бириктирүү дагы ишке ашса, суу маселеси жаатындагы көйгөй чечилип калмак.

"Кыргызстан коңшу Казакстанга 300 киловатт электр энергиясын берди. Келишим бир жылдык. Бизде кубаттуулук чектелип калган учурда күз-кыш айларында кайрадан бизге кайтарып берет", - баса белгиледи ал.

Пикир

Оставить комментарий