• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

"Улуттук энергохолдинг" керектөөчүлөрдү электр жарыгын үнөмдүү пайдаланууга чакырат

Экономика 0

Бишкек, 28.01.22. /Кабар/. "Улуттук энергохолдинг" компаниясы керектөөчүлөрдү электр жарыгын үнөмдүү пайдаланууга чакырат.

Компаниянын билдирүүсүнө караганда, республиканын энергетикалык компаниялары Борбордук Азиянын Бириккен энергетикалык шакекчесинде авариялык өчүрүүлөрдөн кийин электр энергиясын иштеп чыгуу, берүү жана бөлүштүрүү иштерин толук аткарды.

"Ошону менен бирге "Улуттук энергохолдинг" энергетикадагы азыркы абалга калкты түшүнүү менен мамиле жасоосун жана жарыкты сарамжалдуу пайдаланууга, тагыраак айтканда, кечки саат 18.00-22.00 жана эртең мененки саат 7.00-9.00 убактарында электр энергиясын көп сарптаган жабдууларын колдонбоого, андан тышкары, жылуулук берүүчү башка булактарды да пайдаланууга чакырат", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий