• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Улуттук энергохолдингден Бишкекте качан жылуулук берилерин айтышты

Коом 0

Бишкек, 16.10.18. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясынын 2011-жылдын 20-октябрдагы №649 “Бишкек шаарындагы жылуулук сезонунун башталышы жана аякташынын критерийлери жөнүндө” буйругуна ылайык, жылуулук сезону 5 күн катары менен абанын температурасы +8 градустан төмөн болсо башталат. Бул тууралуу Улуттук энергохолдингдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы гидрометеорология агенттигинин божомолуна ылайык, октябрь айында республика боюнча орточо 5тен 14 градуска чейинки абанын температурасы күтүлүүдө. Айдын ичинде температура 1 градус суукка чейин түшүшү мүмкүн.

Улуттук энергохолдинг Бишкек шаарынын ЖЭБи жана “Бишкекжылуулуктармагы” ААК техникалык жактан жылуулук сезонуна даяр экендигин, аба ырайынын шарттары чукул өзгөргөн учурда үч күндүн ичинде энергосистема жылуулук бере баштай тургандыгын билдирди.

Бишкек шаарынын мэриясы берген акыркы маалыматтарга караганда, эгер борбордо абанын температурасы көтөрүлбөсө, мэриянын ыкчам штабынын күз-кыш мезгили боюнча отуруму 17-октябрда өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий