• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Улуттук энергохолдингдин башчысы энергокомпанияларга күз-кыш мезгилиндеги авариялык өчүрүүлөрдү азайтууну тапшырды

Коом 0

Бишкек, 12.08.20. /Кабар/.“Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы” ААК башкармалыгынын төрагасы Айтмамат Назаров алдыда турган күз-кыш мезгилине даярдыкка жана үстүбүздөгү жылдын жети айындагы энергетикалык компаниялардын ишмердигинин жыйынтыктарына арналган селектордук кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Кеңешменин жүрүшүндө Айтмамат Назаровго Нарын дарыясында суунун аздыгына байланышкан шарттарында бүткүл энергетика тутумунун туруктуу иштөөсүн камсыз кылуу үчүн чаралардын комплексин жүргүзүүнүн жүрүшү тууралуу маалымат берилди.

“Болжолдонгон маалыматтар боюнча ушул жылдын октябрь айында Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 14,9 млрд куб метрди түзөт. Ушуну менен катар Казакстандан 500 млн кВтсаат көлөмүндө электр энергиясын импорттоону жүргүзүү пландалып жатат. Бул көлөм күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өтүүгө жетиштүү” – деп айтып, калктын электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз болуусу үчүн бардык ресурстарды ишке салуунун зарылдыгын баса белгиледи Айтмамат Назаров.

Улуттук энергохолдингдин башчысы энергетикалык компаниялардын жетекчилердин көңүлүн авариялык өчүрүүлөрдүн санын азайтууга өзгөчө буруп өттү.

“Ар бир мындай учур дыкат каралуусу керек. Сиздердин иш-аракетиңерди баалоонун критерийлеринин бири болуп керектөөчүлөргө электр энергиясын туруктуу берүү эсептелет. Райондук электр тармактарынын ар бир жетекчиси, өзгөчө күз-кыш мезгилиндеги авариялык тез-тез өчүрүүлөр үчүн керт башы менен жоопкерчилик тартат”, - деди Айтмамат Назаров.

Ал ошондой эле бардык медициналык мекемелерди, убактылуу стационарларды кыдырып чыгуу, резервдик электр булактарын жана генераторлордун бузугу жоктугун текшерүүнүн зарылдыгын белгиледи.

Кеңешменин жыйынтыктары боюнча Улуттук энергохолдингдин туунду коомдоруна бүткүл энергетика тутумунун туруктуу иштөөсүнө көз каранды болгон көрсөткүчтөргө өз убагында жана сапаттуу жетишүү боюнча тапшырмалар берилди.

Пикир

Оставить комментарий