• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Улуттук филармония толугу менен оңдоодон өтүп, ШКУ саммитине даяр

Коом 0

Бишкек, 27.05.19. /Кабар/. Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, ШКУ саммитинин алкагында жогорку деңгээлдеги конокторду кабыл алууга даяр.

Филармониянын башкы директору Кыргызбай Осмонов журналисттер үчүн уюштурулган пресс-турдун жүрүшүндө ремонт иштери тууралуу кененирээк айтып берди. Анын айтуусунда, ремонт иштери үстүбүздөгү жылдын апрель айында башталган, ал үчүн өкмөт тарабынан 55 млн. 420 миң сом бөлүнгөн.

"Филармониянын имараты 1980-жылы эксплуатацияга берилген, ошондон бери ремонт иштери жүргүзүлгөн эмес. Акыркы жылы 2007-жылы ремонттолгон. Андан бери 12 жыл өтүп, көп нерселери эскирип калган", - деп билдирди ал.

К.Осмонов кошумчалагандай, филармониянын ремонттоо иштерин президент Сооронбай Жээнбеков колдогон.

"Президент ремонт иштерин жүргүзүү керектигин жеке колдоого алды. Эки айдын ичинде капиталдык ремонт иштери жүргүзүлдү. Алсак, килемдердин бардыгын, орундук эмеректерди алмаштырдык. Бардык кийим алмаштыруучу бөлмөлөрдү оңдодук, керектүү жерлерди боёдук. Имараттын ички көрүнүшү улуттук стилде болуп, атайын пардалар илинди", - деп маалымдады.

Филармониянын директору баса белгилегендей, бул ирет техникалык коопсуздукка өзгөчө көңүл бурулган. "Өзүңөргө маалым болгондой, былтыркы жылы бизде ири өрт катталып - бешинчи кабат күйүп кеткен. Бул факторду эске алып, атайын жабдыктарды орноттук. Алсак, бул атайын сенсорлор, алар түтүн чыккан кезде дароо реакция кылат. Ошондой эле имараттын ичине, айланасына байкоочу камералар орнотулду", - деп айтты.

Учурда филармониянын айланасында мэрия тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Кыргызбай Осмонов билдиргендей, филармония ушул жылдын 1-июнунда ишке берилет.

Белгилей кетсек, бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз улуттук филармониянын абалы менен таанышып кайтты.

Пикир

Оставить комментарий