• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Улуттук филармониядагы өрт чектөөгө алынды, ӨКМ башчысы абалды жеринде көзөмөлдөөдө

Кырсык 0

Бишкек, 30.08.18. /Кабар/. Т.Сатылганов атындагы филармониядан чыккан өрт чектөөгө алынды, - деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, өрт тууралуу маалымат ӨКМге саат 12:26да келип түшкөн. Өрт өчүрүү үчүн жалпысынан 6 өрт өчүрүү бөлүмү, ИИМдин 100 кызматкери, тез жардам кызматынан 1 бригада жана тазалык ишканасынан 2 водовоз тартылган. Өрт саат 14:00дө чектөөгө алынды.

Кырсык болгон жерде КР вице-премьер-министр Ж.Разаков, КР Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов жеринде көзөмөлдөп жүрүшөт.

Пикир

Оставить комментарий