• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Улуттук филармониянын базасында эстрадалык ансамбль түзүү пландалууда

Маданият 0

Бишкек, 08.12.21. /Кабар/. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов бүгүн, 8-декабрда, Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын жалпы эмгек жамааты менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуу жалпы ишмердүүлүккө арналды. Анда алдыда жасаоа турган пландар, көйгөйлүү маселелер талкууланып, суроо-жооп иретинде эркин форматта жүрдү.

Азамат Жаманкулов өз сөзүндө учурда мамлекеттик органдарда жүрүп жаткан өзгөрүүлөргө токтолуп, анын таасири маданият тармагына да тийип жаткандыгын белгиледи. Бул маданият тармагынын ишин солгундатып жаткан “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сатып алуулар” жөнүндөгү мыйзамы болгондугун, аны өзгөртүү боюнча документтер даярдалып жатканын, өздүк эсептерди мекеменин өзүнө калтыруу боюнча чечимдер кабыл алынаарын айтып, иш кагаздары бюрократиясыз боло тургандыгын белгиледи.

“Учурда маданият тармагында көйгөйлүү маселелер абдан көп. Аны чечүү жолдорун аныктап, биринчи кезекте зарыл болгон кадамдарга барууга бардык күч аракеттерибизди жумшоого пландарды түзүп жатабыз. Ал үчүн сиздердин колдооңуздар жана демилгелеген долбоорлор абдан маанилүү. Эмгек жамаатта иштеген ар бир маданият өкүлүн кабыл алууга даярмын. Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы бирден-бир Кыргызстандагы мамлекеттик жана эл аралык деңгээлдеги иш-чараларды өткөрүүдө чоң жоопкерчиликти алып жаткан жана дүйнө жүзүнө кыргыз маданиятын таанытууга, даңазалоого салым кошкон мекеме болуп саналат. Андыктан, чыгармачылык менен толук кандуу иш алып баруу, коомчулуктун жан дүйнөсүн байыткан жана руханий жактан тарбия берүүгө багыттоочу эмгек жамааттын шартын түзүп берүү биринчи кезекте турат. Зарыл болгон кошумча штаттарды чечүү, ансамблдердин формаларын жана музыкалык аспаптарын жаңылоо, талантуу жаш кадрларды тартуу учурдун зарыл болгон чечимдерди кабыл алууга даярмын. Ошондой эле министр учурда филармониянын базасында эстрадалык ансамбль түзүү боюнча иш аракеттер пландалып жатканын кошумчалады.

Жолугушуунун жүрүшүндө министр ишинде артыкчылык көрсөткөн бир катар маданият өкүлдөрүнө министрликтин ведомстволук сыйлыктарын тапшырды.

Эске салсак, учурда филармонияда 500гө жакын адам эмгектенет. Анын ичинде К. Орозов атындагы академиялык кыргыз эл аспаптар оркестри, «Эл ырчысы Эстебес», А. Үсөнбаев атындагы «Эл шайырлары» топтору, Ч. Исабаев атындагы «Камбаркан» этнографиялык-фольклордук ансамбли, Н. Тугелов атындагы «Ак марал» элдик бий ансамбли, А. Жумакматов атындагы Кыргыз мамлекеттик симфониялык оркестри, солисттер жана тейлөөчү кызматкерлер эмгектенип келет.

Алардын арасында 16 Кыргыз Республикасынын эл артисти, 34 Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти жана 5 Кыргыз Республикасынын , маданиятына эмгек сиңирген ишмери бар.

Пикир

Оставить комментарий