• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Улуттук фтизиатрия борбору Лабораториялык маалыматтарды башкаруу боюнча маалыматтык система тууралуу айтып берди

Ден соолук 0

Бишкек, 16.06.20. /Кабар/. Коронавирус инфекциясынын тесттирлөөсүн өткөрүп жаткан мамлекеттик лабораториялар өткөн жылы Кыргызстандын кургак учукка каршы кызматында киргизилген Лабораториялык маалыматтарды башкаруу боюнча маалыматтык системаны колдонуу менен ишинин сапатын жакшыртышты. Бул тууралуу Улуттук фтизиатрия борборунан билдиришти.

COVID-19 коронавирусунун пандемиясы жаңы чакырыктарды таштады жана аларды чечүүнүн эффективдүү жолун табууга мажбур кылды. Биоматериалдардын он миңдеген үлгүлөрү келип түшө баштаган КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Оорулардын алдын-алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин лабораториялары алдыңкы линияда туруп калды. Иштин мындай көлөмүнө эсептелбеген лабораторияларга лабораториялык маалыматтарды каттоо, иштеп чыгуу жана жыйынтыктарын берүү процесстерин оптималдаштырууга жөндөмдүү технологияны издөөгө туура келди.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу Кыргызстандын социалдык чөйрөсүндө санариптештирүү жаатында иштеген «Соцсервис» мамлекеттик ишканасы ЮСАИДдин техникалык колдоосу менен өлкөнүн кургак учукка каршы кызматына киргизилген Лабораториялык маалыматтарды башкаруу боюнча маалыматтык системасын сунуш кылышкан. Анткени аны башка медициналык кызматтардын керектөөсүнө жеңил ийкемдештирүүгө болору билинген.

«Себеби Лабораториялык маалыматтарды башкаруу боюнча маалыматтык системасы кургак учукка каршы кызматта өзүн жакшы жагынан көрсөттү. Биз велосипед ойлоп таап отурбайлы деп чечтик жана ЮСАИДдин «Кургак учукту айыктыруу» долбоорунан COVID-19 үчүн да аны киргизүүнү сурандык», - дейт «Соцсервис» мамлекеттик ишканасынын директору Аман Абдылдаев. – Система ойлонулган жана колдонууда оңой, түшүнүктүү интерфейси бар, ал турсун компьютерди колдонууну жакында эле үйрөнгөндөр да жеңил кабылдагандай болгонунан медкызматкерлерге жаңы системаны тез өздөштүргөнгө жардам берди. Excel сыяктуу кеңсе тиркемелери менен иштегенден кийин Лабораториялык маалыматтарды башкаруу боюнча маалыматтык системасынын көптөгөн артыкчылыктары татыктуу бааланды, алардын арасында: бейтаптардын анализдеринин жыйынтыктарынын жана тарыхынын бирдиктүү базасын түзүү; бейтаптарга биоматериалдарды байланыштыруу жана аны «Түндүк» системасы аркылуу идентификациялоо аркылуу мааалыматтардын аныктыгын камсыз кылуу; лабораториялык маалыматтарды анализдөө мүмкүндүгү жана аларды лабораториялар, региондор боюнча графикалык же таблица түрүндө көрсөтүү ж.б.».

Өткөн жылдан бери Лабораториялык маалыматтарды башкаруу боюнча маалыматтык система менен иштеп келе жаткан Улуттук фтизиатрия борборунун Республикалык референс-лабораториясынын башчысы Гүлмира Калмамбетова «Түндүк» системасы аркылуу башка мамлекеттик маалыматтык системалар менен интеграциялашканын анын маанилүү артыкчылыктарынын бири катары эсептейт.

«Эң чоң артыкчылык – «Түндүк» системасы аркылуу бейтаптардын бардык персонификацияланган маалыматтарын түз ала алабыз. Бул бейтапты так идентификация кылганга, ал жөнүндө лаборатория системасына маалыматтарды киргизүүдө ката кетирбөөгө мүмкүндүк берет, анан албетте анализдердин жыйынтыктарын берүүдө аларды алуунун мөөнөтүн кыйла кыскартат», - дейт ал.

«Соцсервис» ишканасы ЮСАИДдин «Кургак учукту айыктыруу» долбоору менен бирдикте өтө кыска мөөнөттө COVID-19 менен иштеген лабораторияларда Лабораториялык маалыматтарды башкаруу боюнча маалыматтык системаны киргизүү боюнча иш-чараларды жүргүзгөн. Долбоордун алкагында анализдер менен иштөө үчүн заманбап жабдуулардын 12 комплектин сатып алып, орнотулган; Оорулардын алдын-алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин 40тай лабораториялык кызматкерлерин, инфекционисттерин жана вирусологдорун кыска мөөнөттө окутулган. Ошондой эле лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын анализдөө жана лабораториялар боюнча иштин көлөмүнө мониторинг жүргүзүү боюнча «Dashboard» маалыматтык-аналитикалык системасы иштелип чыгып, алар менен иштөөгө 52 медкызматкер окутулган.

Бүгүнкү күнү COVID-19 анализдерин тестирлөө менен иштеген ондон ашык мамлекеттик лабораторияларга Лабораториялык маалыматтарды башкаруу боюнча маалыматтык системасы киргизилип, анда 100 миңдей маалымат топтолгон.

Оорулардын алдын-алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин башчысы Динагүл Оторбаеванын айтымында бул бир катар маселелерди чечүүгө жардам берди: «Биринчиден, анализдердин жыйынтыгын берүү ыкчам болуп калды, анткени адамдар анализдерин күтүп, санаа тартышат да. Экинчиден, инфекциянын очогунда иш-чараларды өз учурунда уюштуруу үчүн департаменттин оперативдүү бөлүмү менен лабораториялардын электрондук түрдө иштешүүсү жолго коюлду. Үчүнчүдөн, вирусологдорду көптөгөн кагаз документтерин кол менен толтуруудан бошотуп, ишин жеңилдетти».

«Соцсервис» ишканасы Лабораториялык маалыматтарды башкаруу боюнча маалыматтык системасынын жакшы жактарын иликтеп көрүп, өлкөбүздүн бардык мамлекеттик лабораториялары үчүн базалык маалыматтык система катары анын мүмкүнчүлүгүн пайдалануу жагын караштырууда. «Система пандемия маалында өзүн жакшы жагынан көрсөткөндүктөн, биз республика боюнча бирдиктүү маалыматтык система болушу үчүн белгилүү бир модернизациялоо менен аны бардык жерге киргизүүнү ойлоп жатабыз», - дейт ишкананын директору Аман Абдылдаев.

Аталган системаны жаңы шарттарга ийкемдештирүү татаал эмес экенин COVID-19 менен иштөөгө тартылган Республикалык референс-лабораториясынын башчысы Гүлмира Калмамбетова айтат. «Кургак учук үчүн колдонулган маалыматтардын базасын ошол эле компьютерде, ошол эле принтер жана сканерде штрихкоддорду COVID үчүн да пайдалануудабыз. Биздин бейтап COVIDге жыйынтык алып жатып ошол эле файлда кургак учукка болгон текшерүүнүн жыйынтыгын да алышат», - дейт Калмамбетова.

Лабораториялык маалыматтарды башкаруу боюнча маалыматтык системасы киргизилген лабораториянын кызматкерлери да аны менен иштөөнү улантууну кааларын айтат.

«Бул системаны бир гана COVID менен эмес, күндөлүк иште, ошондой эле лабораториялар иштеген башка инфекцияларда да − ошол эле КРВИде, ар кыл бактериялык, вирустук инфекцияларда колдонсо болот. Система универсалдуу, аны кандай гана инфекцияга же кандай гана лабораториялык изилдөөлөргө болбосун ийкемдештирүүгө болот. Биз бул долбоордун улантылышына абдан кызыкдарбыз. Мен Лабораториялык маалыматтарды башкаруу боюнча маалыматтык системасын COVIDден кийин да пайдаланабыз деп ойлойм», - дейт Оорулардын алдын-алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин вирусологиялык лабораториясынын башчысы Азат Бөдөшов.

Пикир

Оставить комментарий