• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Улуттук фтизиатрия борборунда 50 бейтапка жаңы бөлүм ачылды

Ден соолук 0

Бишкек, 15.11.18. /Кабар/. Бишкектеги Улуттук фтизиатрия борборунда бүгүн көп дарыга туруктуулугу бар бейтаптар үчүн жаңы бөлүмдүн ачылышы болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Кызыл жарым ай коомунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чарага КР саламаттык сактоо министринин орун басары Эркин Чечейбаев, Улуттук фтизиатрия борборунун директору Абдуллат Кадыров жана Кыргызстандын Кызыл жарым ай коомунун башкы директору Чыңгыз Жакыпов катышты.

Жаңы бөлүмдүн аянты 90 чарчы метр жана 50 адамга ылайыкталган. Имарат аталган медициналык мекеменин аймагында орун алган.

“Долбоор Кыргызстандын Кызыл жарым ай коому тарабынан Сауд Арабиянын Кызыл жарым айынын колдоосу астында ишке ашырылды. Оорукана эл аралык стандарттар боюнча курулган жана оорулууларга сапаттуу медициналык жардам берүүгө шарт түзөт”, - деп билдиришти уюмдан.

Улуттук фтизиатрия борборунун статистикалык бөлүмүнүн маалыматына караганда 2017-жылы республика боюнча 5 миң 616 кургак учук менен ооруган адам катталган.

Пикир

Оставить комментарий