• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Улуттук гвардияда мектеп окуучулары үчүн Ачык эшик күнү өттү

Коом 0

Бишкек, 18.11.22. /Кабар/. КР Куралдуу күчтөрүнүн Улуттук гвардиясында Бишкектин Биринчи май районунун мектеп окуучулары үчүн Ачык эшик күнү болуп өттү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарада аталган райондун 22 мектебинин 10-11-класстарынын 1 миңден ашуун окуучусу армиянын күнүмдүк турмушу менен таанышты.

"Окуучуларга Улуттук гвардиянын ардактуу кароолунун ротасынын жана аскердик оркестринин аткаруусундагы спектакль көрсөтүлдү, ошондой эле казармага, Аскердик даңк музейине, дене тарбия залына, жоокерлердин ашканасына, заманбап аскердик курал-жарактар, аскердик кийимдер жана аскердик машиналарга карата экскурсия болду", - деп кошумчалашты мэриядан

Белгилей кетсек, экскурсия КР президентинин “Инсандын руханий - адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу максатында уюштурулган.

Пикир

Оставить комментарий