• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Улуттук гвардиянын жаш жоокерлери ант берди

Коом 0

Бишкек, 15.11.21. /Кабар/ КР Куралдуу күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын 10128 аскер бөлүгүнүн жаш жоокерлеринин ант берүү аземи болуп өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Улуттук гвардиянын колбашчысынын орун басары Бакыт Орозалиев, Куралдуу күчтөрдүн ардагери Асанбек Алымкожоев катышып, жаш жоокерлерди ант алуу аземи менен куттуктады.

Жаш жоокерлер бир ай ичинде аскердик турмушка көнүгүү программасын, анын ичинде күн тартип, аскердик Уставдын жоболорун жана кызматтык милдеттерин окуп үйрөнүштү. Жогоруда аталган сабактардан кийин гана мекен алдындагы антын беришип, өлкөбүздүн эгемендигин коргоо тапшырмасын аткарууга киришет.

Келген конокторго жаш жоокерлер курал менен саптык көргөзмөлөрдү жана кол урушунун ыкмаларын көрсөтүштү.

Аскердик антка келтирүү иш-чарасы Улуттук гвардиянын аскердик оркестринин концерттик программасы менен жыйынтыкталды.

Пикир

Оставить комментарий