• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Улуттук гвардиянын жаш жоокерлери ант берди

Коом 0

Бишкек, 25.06.20. /Кабар/. Бүгүн, 25-июнда КР Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын 10126 аскер бөлүгүндө жаш жоокерлердин ант берүү аземи болуп өттү. Бул тууралуу КР КК Башкы штабынын басма сөз кызматы билдирет.

Үч жума ичинде аскер бөлүктүн офицерлеринин жана старшиналарынын жетекчилигинин алдында жоокерлер жаш жоокерлердин курсунан күчөтүлгөн даярдыктан өтүштү. Анда жаңы шарттарга, күн тартипге көнүгүшүп, алдыда аскердик милдеттерди аткарууга даярданышып, жалпы аскердик уставды окушуп, тактикалык, саптык жана дене-тарбия даярдыктарынан өтүштү.

Ант берүү аземинде 75тен ашык жоокер - аскердик милдетин татыктуу аткарып, өз элин сактоого жана Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоого ант беришти. Жаш уландар үчүн Улуттук гвардияда кызмат өтөө бул- сыймык жана чоң жоопкерчилик. Куралдуу күчтөрдүн элиталык кошуунунун катарына кызмат кылууга бардыгы эле кошула албайт. Ал үчүн моралдык-психологиялык жана дене-тарбия даярдыгы талаптарга төп келүүсү зарыл.

Ант берүү аземи КР КК УГ аскер оркестринин музыкалык коштоосу менен өттү.

Бул жылы COVID-19 илдетине байланыштуу КР КК мекемелериндеги жана аскер бөүктөрүндөгү бардык иш-чаралар конокторду чакыруусуз, санитардык-гигиеналык талаптарды сактоо менен өтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий