• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Улуттук илимдер академиясы Жусуп Абдрахмановдун иш столун тарых музейине өткөрүп берет

Коом 0


Бишкек, 12.02.21. /Кабар/. Улуттук илимдер академиясы мамлекеттик жана саясий ишмер Жусуп Абдрахмановдун иш столун Мамлекеттик тарых музейине өткөрүп берет.

Тарыхый мааниге ээ болгон Абдрахмановдун иш столу Илимдер академиясында интеллигенция өкүлдөрүнө кызмат кылып келген.

"Бул стол тарыхый жактан өзгөчө мааниге ээ. Биздин аталарыбыз – кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөндөр эмгектенген жер. Жакында Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгы белгиленет. Столдун болжолдуу курагы дагы 100 жылды чапчыйт", - дейт Улуттук илимдер академиясынын Тарых, археология жана этнология институтунун директору Абылабек Асанканов.

Эскерте кетсек, буга чейин президент Садыр Жапаров "Жусуп Абдрахмановдун туулган күнүнүн 120 жылдыгын белгилөө жөнүндө" жарлыкка кол койгон. Азыркы кыргыз мамлекеттүүлүгүн түзүүгө зор салым кошкон Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана саясий ишмери Жусуп Абдрахмановдун элесин түбөлүккө калтыруу жана анын туулган күнүнүн 120 жылдыгын жогорку улуттук деңгээлде майрамдоо максатында өкмөткө бир катар тапшырмалар коюлган.

Пикир

Оставить комментарий