• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Улуттук илимдер академиясынын окумуштуулары буурчак тазалоочу комбайндын конструкциясын иштеп чыгышты

Билим 0

Бишкек, 5-апрель /Кабар/. Техника илимдеринин доктору, академик М.С.Джуматаев, техника илимдеринин доктору, профессор М.З.Алмаматов, техника илимдеринин кандидаты, улук илимий кызматкери А.Ж. Баялиев, инженер М.С.Байгазиев жана лаборант Д.С. Байгазиевдер биргелешип буурчак тазалоочу транспортердук түзүлүш иштеп чыгышты. Комбайнды келечекте айыл-чарбасында колдонууга өткөрүп берүү пландары бар. Азырынча түзүлүштүн конструкциясы текшерүүлөрдөн өтүүгө тийиш, иштелме 2016-жылдын аягында соңуна чыккан. Бул тууралуу академиянын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган иш тууралуу УИАнын «Инновационные разработки» илимий журналынын кезектеги санында жарыяланды.

Машина таануу институтунун директорунун милдетин аткаруучу, тех. и. док., академик М.С. Жуматаев аталган түзүлүш ишке киргизилсе дан эгиндерин тазалоочу кадимки комбайн сыяктуу эле функцияны аткара турганын билдирип:

«Мындай механизм буга чейин айыл-чарбасында колго жасалып, колдонулуп жүрүшү ыктымал. Бирок, заводдун шартында жасала элек болчу. Ал эгер колдонууга бериле турган болсо, буурчакты кабыгынан тазалоодо колго жасалуучу ишти талап кылбайт» - деген пикирин айтты.

Ошондой эле, аталган илимий журналда техника илимдеринин кандидаты К.Т.Эликбаев, техника илимдеринин кандидаты, жетектөөчү илимий кызматкери Ж.Усубалиев жана инженер Т.О. Райымбабаевдер жүгөрүнүн данын ажыратуучу түзүлүшүн иштеп чыккандыгы жөнүндө маалымат жарыяланган.

Ал эми Автоматика жана маалыматтык технологиялар институтунун окумуштуулары топон суу менен сел жүрүү коркунучун билдирип туруучу аппарат иштеп чыгышкан. Жаратылыш кырсыктары тууралуу алдын-ала кабар берүүчү система техника илимдеринин кандидаты В. И. Замайга жана аталган институттун илимий кызматкери Н. С. Добровольскийге таандык. Аппарат топон суу жана сел коркунучунан сырткары Аксай, Ала-Арча жана Адыгине мөңгүлөрүнүн этегиндеги көлдөрдүн ташкынынан кабар берүүгө да жөндөмдүү.

Аталган макалардан бөлөк, Биология жана топурак таануу институту тарабынан Кыргызстандын фаунасында кездешкен кенелердин түрүн морфологиялык өзгөчөлүктөрү боюнча бөлүштүргөн илимий эмгек да жарык көрдү. Эмгек П.А.Чиров, А.В.Харадов, С.В.Миронов, Р.Н.Адиева, Ж.М.Транбаев, Н.А.Филлипова, Э.А.Бардзимашвили, С.Ж.Федорова, Т.Т.Мамутбекова жана Б.К.Акышоваларга таандык. Ал саламаттыкты сактоо тармагынын кызматкерлерине, биологдорго, ветеринарларга сунушталышы ыктымал. Макалада Кыргызстанда кенелердин 400дөн ашык түрү бар экендиги, алардын бир катары адамдын жана жаныбарлардын ден соолугу үчүн кооптуу экендиги белгиленген.

Илимий журнал УИАнын «Илим» маалымат-басма борборунда басылып чыкты.

Пикир

Оставить комментарий