• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Улуттук илимдер академиясынын жаштары Саламат Садыкова менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 30.10.17 /Кабар/. Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун жаш окумуштуулары белгилүү өнөр адамы, Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Саламат Садыкова менен жолугушту.

УИАнын басма сөз кызматы билдиргендей, маек учурунда институттун директору, академик Абдылдажан Акматалиев атагы алыска кеткен эл ырчысына эгемендүүлүк жылдарынан бери даярдалып басылып чыккан чыгармалардын “Залкар акындар” сериясын белекке берди.

Жолугушууда Саламат Садыкова балалык курагында көргөн кыйынчылыктары, чыгармачылыкка аралашуусу, талыкпаган эмгегинин жана аракетинин натыйжасында жеткен ийгиликтери жана жалпы эле басып өткөн турмуш жолу тууралуу маек куруп берди. Эл артисти убагында Токтогулдун “Алымкан” чыгармасын комуздун коштоосунда аткаруу менен Казакстандын президенти Н.Назарбаевдин купулуна толгон. Иш-чараларда чогуу болуп, чет өлкөлөргө иш сапары менен чыгып, иштешип калган замандашы, улуу жазуучу Ч.Айтматовду дагы эскере кетти.

Саламат Садыкова жаштарга өмүрү жана чыгармачылыгы жөнүндө айтып жатып: «Чыгармачылыкта жүрүп Чыңгыз Айтматов сыяктуу көптөгөн даанышман инсандарды көрдүм. Кыргыз элинде көптөгөн чыгаан, белгилүү адамдарыбыз чыккан. Алар жаштарга өзүлөрүнүн айкөлдүк, кең пейилдик жана жөнөкөйлүк сапаттары менен үлгү. Келечекте ошол инсандардын жолун жолдогон жаштарыбыз көбөйө берсин» - деди.

Жолугушуу “Адеп, ыйман жана маданият” жылына карата “Замандаш” рубрикасынын алкагында уюштурулду. Иш-чаранын негизги максаты - жаштарды илимге кызыктыруу жана илим чөйрөсүнө тартуу болуп саналат. Аны менен катар атагы алыска кеткен окумуштуулардын, чыгармачыл инсандардын, өнөр адамдарынын жана коомдук ишмерлердин басып өткөн жолу, чыгармачылыгы, ишмердүүлүгү жана ийгиликке жетүүсүнүн сыры жөнүндө маалымат берүү менен жаштарга багыт көрсөтүү, өбөлгө берүү максаты коюлган.

«Тил жана адабият институту, жалпы эле коомдук илимдер тармагы чыгармачыл адамдар менен тыгыз байланышта болушубуз керек. Мына ушундай кечелер аркылуу белгилүү адамдарды жакындан таанып, өзүбүзгө чоң сабак алабыз. Жакында «Ардактуу мейманыбыз» деген журнал ачып, ушул жолугушууга келген белгилүү инсандардын маектеринин жыйнагын Тил жана адабият институтунун 90 жылдыгына карата китеп кылып чыгаруу планы бар», - деди Гуманитардык жана экономикалык илимдер бөлүмүнүн төрагасы, Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору, академик Абдылдажан Акматалиев.

Пикир

Оставить комментарий