• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Улуттук көркөм өнөр музейиндеги эмгектерди эми онлайн режимде көрүүгө болот

Маданият 0

Бишкек, 24.01.20. /Кабар/. Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейи төрт миңден ашык живопись сүрөттөрү жана миңге жакын музей фондундагы скульптуралык эмгектерди көрүүгө мүмкүн болгон сайт иштеп чыкты. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Сайт artmuseum.kg бүгүнкү күндө иштеп жатат.

Сайттын бет ачарына маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов катышты.

“Жаңы сайт, көркөм өнөр галереяны онлайн режиминде алгачкы жолу түзүлгөндүгү менен өзгөчө. Сайт көп кырдуу, ал музейдин ишмердүүлүгүн камтыган ар тараптуу багытта. Алар көргөзмөлөр, мастер-класстар, дарстар, жана бет ачарларды түзөт. Дизайны бүгүнкү күндөгү заманбап талаптарга жооп берет.Түзүлүшү жеңил, кабыл алууга оңой, керек болгон эмгектерди автору же жанры боюнча издеп таап алууга болот”, - деп айтылат билдирүүдө.

Бул долбоордун максаты Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинин фондунда бар маданий баалуулуктарга жаңы санариптик технологияларды колдонуу аркылуу жарандарга жеткиликтүү болушуна шарт түзүүнү көздөйт. Бул коомчулукту жана чет элден келип жаткан туристтерди тартууга чоң мүмкүнчүлүк түзөт. Бүгүнкү күндө музей кызматкерлери илимий- техника боюнча иштерди 2018-жылдын ноябрь айынан тартып жасап, сайтты толтуруунун үстүндө иштеп жатат.

Пикир

Оставить комментарий