• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Улуттук кадрлар резервине киргизүү сынактарын өткөрүү комиссиясынын отуруму өттү

Кадр саясаты 0

Бишкек, 29.11.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын Улуттук кадрлар резервин түзүүнүн жана иштешинин тартиби жөнүндөгү Жобону ишке ашыруу максатында Улуттук кадрлар резервине сынак өткөрүү боюнча комиссиянын отуруму болуп өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик кадр кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, улуттук резерв - мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын башкы жана жогорку административдик мамлекеттик кызмат орундарын жана муниципалдык кызмат орундарын ээлөөгө талапкерлердин (резервдегилердин) тобу.

Анын максаты - мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка кесипкөй жана башкарууга даярдалган кадрларды тартуу, мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын уланмалуулугун жана туруктуулугун камсыздоо болуп саналат.

Комиссиянын отурумунда Улуттук кадрлар резервине кабыл алуу сынагын өткөрүү күнү бекитилди. КРнын Мамлекеттик кадр кызматы талапкерлердин документтерин 2017-жылдын 1-декабрынан 2018-жылдын 15-январына чейин кабыл алат.

Ошондой эле комиссиянын мүчөлөрү Улуттук кадрлар резервине тандап алууну жакшыртуу маселелерин талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий