• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Улуттук киностудиянын башкы редактору Баян Сарыгулов дүйнө салды

Коом 0

Бишкек, 11.02.21. /Кабар/. Улуттук киностудиянын башкы редактору Баян Сарыгулов дүйнө салды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Баян Сарыгулов Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтунун журналистика факультетин жана сценаристтер менен режиссерлордун жогорку курстарын аяктаган. Ал ТАССтын жана "Труд" гезитинин кабарчысы болуп иштеген, Кыргызстан кинематографисттер союзун, Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиокомпаниясынын Көркөм кеңешин жетектеген.

20дан ашык көркөм, даректүү жана анимациялык фильмдердин сценарийин жазган. Анын ичинде Талгат Теменов менен бирге "Адамдар арасындагы кичинекей карышкыр" (1988) жана Аманжол Айтуаров менен биргеликте Сабира Күмүшалиева ойногон "Прикосновение" (1989) тасмасынын сценарийин жазган.

"Прикосновение" тасмасы Бүткүл Союздук 1-Көркөм сүрөт кинофестивалынын диплому (Свердлов-90), Нанта Эл аралык фестивалынын сыйлыгы, Казакстанда өткөн сынакта "Фильмдин визуалдык маданияты үчүн", "Эң мыкты аялдын ролу үчүн" сыйлык жана Сан-Ремо-93 сыйлыгын жеңип алган.

Баян Сарыгуловдун дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин жалпы жамааты анын үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

Пикир

Оставить комментарий