• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Улуттук китепкана Күлүйпа Кондучалова тууралуу видеотасма даярдады

Маданият 0

Бишкек, 15.06.20. /Кабар/. Белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Күлүйпа Кондучалованын 100 жылдыгына карата А.Осмонов атындагы Улуттук китепкана китеп-иллюстрациялык көргөзмөгө карата “Легендага айланган өмүр” видеотасмасын даярдады. Бул тууралуу Улуттук китепканадан билдиришти.

Тасмада К. Кондучалованын өмүр жолу, Кыргызстандын маданиятына кошкон олуттуу салымы жөнүндө сөз болот. Анда маданият министринин орун басары Кайрат Иманалиев, мамлекеттик жана коомдук ишмер, Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин (12-чакырылыш) − легендарлуу парламенттин төрагасы Медеткан Шеримкулов, Улуттук китепкананын директору Жылдыз Бакашова, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Мундузбек Тентимишев жана Күлүйпа Кондучалованын кызы Ирина Оролбаевалардын эскерүүлөрү камтылган.

Белгилей кетсек Күлүйпа Кондучалованын 100 жылдыгына карата Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан жарыяланган «Күлүйпа Кондучалова жана кыргыз маданияты» жумалыгынын өткөрүлүүдө.

Эскерте кетсек, быйыл Күлүйпа Кондучалова көзү тирүү болгондо 100 жашка чыкмак. Ал 1920-жылы 15-июнда жарык дүйнөгө келип, 2013-жылы 93 жаш курагында каза болгон.

Пикир

Оставить комментарий