• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Улуттук китепканада Абай атындагы кыргыз-казак маданий борбору ачылды

Маданият 0

Бишкек, 11.12.20. /Кабар/. Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада Абай атындагы кыргыз-казак маданий борборунун ачылыш салтанаты өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага маданият министри Нуржигит Кадырбеков, Кыргыз Республикасындагы Казакстан Республикасынын элчиси К. Нурпеисовдун, Кыргызстандагы казактардын Ассоциациясынын төрайымы К. Асылбаева, КР ИИМ өкүлдөрү жана мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин катышуусунда бардык санитардык-эпидемиологиялык нормаларды жана эрежелерди сактоо менен өттү.

Абай атындагы маданий борбор казак элинин классиги Абай Кунанбаевдин адабий мурасын пропагандалоо жана жайылтуу максатында ачылды.

Борбордун негизги милдети – Кыргызстандын жана Казакстандын элдеринин ортосундагы маданий байланыштарды жана достукту чыңдоо, эки өлкөнүн илимий, маданий жана башка уюмдары менен өз ара пайдалуу жана эффективдүү контакттарды орнотуу жана кеңейтүү, ошондой эле ар кандай конкурстарды, фестивалдарды, конференцияларды, көргөзмөлөрдү жана башка иш-чараларды өткөрүү болуп саналат.

Борбордун ачылышына демөөрчүлөрдүн колдоосу менен Кыргыз Республикасындагы Казакстан Республикасынын элчилиги жана Кыргызстандагы казактардын Ассоциациясы салым кошушту.

Борбордун имаратында оңдоо-жасалгалоо жана электр монтаждоо иштери жүргүзүлдү, залдын дубалдары декор элементтер менен кооздолду, ошондой эле жайлуу, ыңгайлуу эмеректер коюлду. Борборго келген окурмандар акындын өмүрү, чыгармачылыгы, эмгектери, анын чыгармаларынын дүйнө элинин ар кандай тилдериндеги котормолору, белгилүү абайтаануучулардын, филологдордун жана жазуучулардын изилдөөлөрү электрондук жана нота басылмалары, Абайдын чыгармаларынын толук жыйнагы менен тааныша алышат.

Ошондой эле борбордо кыргыз, казак жана орус тилдеринде белгилүү казак жазуучуларынын чыгармалары коюлган.

Абай Кунанбаев – казак элинин улуу акыны, философ-гуманист, композитор, көркөм сөз өнөрүнүн зергери. Анын өмүрү жана чыгармачылыгы, анын окурмандар арасындагы сүйүктүүлүгү казак элинин маданиятын калыптанышы үчүн түрткү болду.

2020-жыл Түрк маданиятынын эл аралык уюму (Түрксой) тарабынан Абай жылы деп жарыяланган.

Пикир

Оставить комментарий