• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Улуттук китепканада "Айкөл Манас – улуттук саясий лидерликтин туу чокусу" китебинин бет ачары болду

Коом 0


Бишкек, 16.12.19. /Кабар/. Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада журналист, манас изилдөөчү Темирбек Токтогазиевдин "Айкөл Манас – улуттук саясий лидерликтин туу чокусу" аталышындагы жаңы китебинин бет ачары болуп өттү.

Иш-чарага коомдук ишмерлер, Жогорку Кеңештин депутаттары, журналисттер, манасчылар ж.б. катышты.

Китептин автору өзүнүн эмгеги тууралуу айтып, аны жазуу үчүн көп иштегенин айтат.

"Совет доорунан эле Манасты көркөм чыгарманын эпостун каарманы катары айтып келген. Тарыхта орду болгонбу, болгон эмеспи деген суроону коюп келишкен. Бирок, баары эле бул ойдон чыгарылган каарман катары айтышкан. Мен бул китебимде Манасты мамлекет түптөгөн, империя түзгөн саясий улут лидери катары карап, изилдеп, ошолорго фактыларды таап, аны ушул китепке киргиздим. Негизинен маалыматтар 8-12-кылымдардагы араб жана кытай булактарынан алынды", - дейт ал.

Ал эми жазуучу Асан Жакшылыков, Токтогазиев Манаска байланышкан бир катар иштерди аткарып келе жатканын айтат.

"Темирбек Токтогазиев Манаска байланышкан бир катар иштерди аткарып келүүдө. Манас тарыхый инсан болгон же болгон эмеспи деген аягы түгөнбөс талаш-тартыштар бар. Ошол маселеде Токтогазиев өзүнүн манас таануудагы версиясы бар манас таануучулардын бири болду",- дейт ал.

Аны менен бирге ал Токтогазиевдин жаңы китеби тууралуу да айта кетти.

"Темирбек Токтогазиевдин бул китеби чоң мааниге ээ. Анткени, Манастын саясатын биз туура түшүнсөк, азыркы саясатка дагы үлгү катары жардамын берет деп ойлойм", - дейт Жакшылыков.

Белгилей кетсек, китеп 1 миң нуска менен чыккан.

Пикир

Оставить комментарий