• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Бишкекте казак жазуучусунун "Манас", "Семетей", "Сейтек" үчилтик китебинин бет ачары болду

Маданият 0

Бишкек, 09.10.21. /Кабар/. А.Осмонов атындагы Улуттук китепканада Казакстандын эмгек сиңирген кайраткери, Кыргызстандын "Достук" орденинин ээси Баянгали Алимжановдун "Манас", "Семетей", "Сейтек" үчилтик китебинин бет ачары өттү. Бул тууралуу КРнын Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Аземге Кыргызстандын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев, Казакстандын эмгек сиңирген артисти, композитор Сакен Керим уулу Турысбеков, Казакстандын эмгек сиңирген кайраткери, казак сүрөтчүсү Алпысбай Казгулов Алпысбай Нагмет уулу, Кыргыз Эл жазуучусу, Бүткүл дүйнөлүк акындар конгрессинин мүчөсү Асан Жакшылыков, Манас жана Ч.Айтматов улуттук академиясынын президенти Топчубек Тургуналиев, Кыргызстандын Эл артисттери Саламат Садыкова, Муратбек Бегалиев, Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, филология илимдеринин доктору Талантаалы Бакчиев жана бир катар маданият тармагынын өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Баянгали Алимжановдун кыргыз-казак достугуна тийгизген таасири, кылган эмгеги жөнүндө жылуу пикирлер айтылып, чыгармачылык ийгилик жана бекем ден-соолук каалап өтүштү.

Пикир

Оставить комментарий